Спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Жогорку Кеңеште сөз эркиндиги сакталарын" билдирди
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 19-январда парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, парламентте ачык-айкындуулук жана сөз эркиндиги бекем сакталарын айтты. Төрага депутаттар кандай маселе болбосун пикирин ачык айтып, жыйындардын бардыгы түз эфирде коомчулукка көрсөтүлө берерин кошумчалады.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында парламенттин ишмердүүлүгүнө жана мыйзам чыгаруу ишине байланышкан бир катар маанилүү маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.
Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш өлкөдөгү негизги бийлик бутагы экенин белгиледи:
“Мыйзамдардан тышкары, мамлекетке керектүү реформалар, тиешелүү долбоорлордун баары парламенттин кароосунан өтмөйүнчө ишке ашпайт. Башка бийлик бутактарынын өкүлдөрү да парламенттин кароосунан өтүп, андан кийин гана бекитилет. Андыктан, аталган маселеге астейдил көңүл буруп, ар бир орган өзүнүн милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүнүшү керек”, – деди ал.
Спикер ошондой эле тармактык комитеттер сунушталган долбоорлорду ийине чыгара талкуулап, андан соң гана жалпы парламенттин кароосуна киргизиши керектигин айтып кетти.
Өткөн аптада Жогорку Кеңеште депутат Камила Талиеванын мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу пикирин президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков сындап, долбоор менен таанышкандан кийин чыгып сүйлөөгө чакырган. Орунбековдун Фейсбукка жарыялаган сынына жооп берген Талиева "эл берген микрофондон" элдин үнүн жеткирип жатканын, "бул үчүн эч кимден уруксат сурабай турганын" айткан.
Депутат Дастан Бекешев да Бишкектеги Ботаникалык бакта курула турган футбол аянтчасын айтып чыгып, Орунбековдун ушундай эле сынына кабылган.
Соцтармактардагы талкууларда Жогорку Кеңештин депутаттарын эл шайлаганын белгилеп, президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун алардын пикири боюнча айткандарын сындагандар чыккан. (ZKo)