Министр окуучуну чапкан мугалим балдарга дайыма кол көтөрүп жүргөнүн айтты
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында окуучуну чаап жибергени ачыкка чыгып, текшерүүдөн соң иштен алынган мугалим балдарга дайыма кол көтөрүп жүргөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 21-январда Өзгөндөгү мектептин спорт комплексинин ачылышында сүйлөп жатып айтты.
Министр бул окуя башка мугалимдерге да сабак болушу керектигин белгилеп, мындай аракеттерге таптакыр жол берилбестигин кошумчалады:
“Ал мугалим системалуу түрдө балага кол көтөрүп келген экен. Буга чейин да болгон окуялары бар экен. Урматтуу мугалимдер, бир саат, бир күн же бир жыл болобу, же 12 жыл болобу, биздин мектепте окуган балдар бизге аманат болуп эсептелет. Мыйзамды окугула, силер кандай иштешиңер керек экендиги таптак жазылып турат. Силерди укпай койгон бала жок. Эгерде эмоцияңарды кармай албасаңар, стрессте болсоңор анда мектепте иштебей эле койгон жакшы. Жаныңарды кай жерде болбосун багасыңар”, – деди Догдуркүл Кендирбаева.
15-январда социалдык тармактарда борбор калаадагы №87 мектепте кыргыз тили сабагы учурунда мугалим окуучуну “сабакты билбейсиң” деген негизде жаакка чапкылап, уруп-согуп жатканы тартылган видео тараган. Коомчулукта мугалим сынга кабылган.
Мугалим 16-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын №7 милициянын шаардык бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү иштери жүргөн. Милиция териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кабарлаган. Окуучунун ата-энеси мугалимге каршы арыз жазуудан баш тарткан.
Кыргыз тили сабагынан берген мугалим окуя 14-январда болгонун, окуучуга теманы бир нече жолу түшүндүргөнүнө карабай ал жооп бере албай койгондуктан ачууга алдырып чаап жибергенин айтты. Буга байланыштуу баланын ата-энесинен кечирим сураган.
Окуяны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинде түзүлгөн комиссия да иликтеп, окуучуну уруп-соккон мугалим жумуштан алынып, билим берүү мекемесинин директоруна тартиптик жаза колдонулган.
Кыргызстанда буга чейин да мугалимдер окуучуларды сабаган окуялар катталган. Ошол эле учурда мугалимдерге да орой мамиле болгон учурлар бар. (ErN)