УКМК зордуктоо жалаасы менен акча талап кылгандарды кармаганын билдирди
17-январь күнү Бишкекте Т. А. аттуу келин менен Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) участкалык милиционери А. Э. Б. аттуу жаранды 350 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланды. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен чогуу жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалып, камакка алынганын атайын кызмат 21-январда маалымдады.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар алдын ала сүйлөшүп алып, Ч.М. аттуу жаранга карата "Т.А.ны зордуктаган" деген айып тагуу шылтоосу менен опузалап, 350 миң сом акча талап кылышкан.
Ленин райондук соту кармалган жарандарды УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
Акыркы жылдары УКМК тарабынан милиция кызматкерлери коррупцияга, кыйноого, зомбулукка, опузалап акча талап кылууга айыпталып, кармалган учурлар арбын. Айрымдары пара талап кылып, аны алып жаткан жеринен кармалса, кээ бир коррупцияга шектелген милиционерлер иш учурунда, жалпы жыйында кармалып, камакка алынган. (ZKo)