Добавить новость
World News



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

ЕАЭБ: Кыргызстан айрым жеңилдик алды, кезек менен тоскоолдук калды

Кыргызстандын бийлиги Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) кайрылып, Евразия экономикалык биримдигининен (ЕАЭБ) сырткаркы өлкөлөрдөн айрым товарларды ташып келүүдө жеңилдиктерди алганын маалымдады. Мурдараак расмий Бишкек Москва кыргызстандык мигранттарга медициналык жардам берүүдөгү милдетин аткарбай жатканын айтып, уюмдун сотуна кайрылган. Андан алдын тигүү товарларын жөнөтүүдө маселе чыккан. Ушул күндөрү болсо бирикмедеги өнөктөш өлкөлөр – Кыргызстан менен Казакстандын чегинде кайрадан автоунаалардын кезеги пайда болду.

Колго тийген жеңилдиктер

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 30-январдагы жыйынында Кыргызстанга берилген жеңилдиктер тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ кызматташтыгын координациялоо башкармалыгы 3-февралдагы басма сөз жыйынында жарыялады.
Биринчиден, Кыргызстан ири мүйүздүү малдын этин ташып келүүдө бир жылдык жеңилдик алды. Мурда бул көлөмдүн чегинде этке 15% өлчөмүндөгү импорттук бажы алымы алынса, кабыл алынган чечимге ылайык алымдын чени 0%га түшүрүлдү. Эч кандай бажы алымысыз Кыргызстанга 5 миң тоннага чейин эт алып кирүүгө мүмкүндүк берилет.

Экинчиден, текстил материалдарын, терини, аңтерини жана ошол сыяктуу товарларга 3 жылдык мөөнөткө кошумча тарифтик жеңилдик кабыл алынды. Үчүнчүдөн, ушундай эле тарифтик жеңилдик какао-майын жана чийки камыш кантын алып кирүүгө да берилди. Какао-майына 300 тонна, чийки камыш кантына 20 миң тонна көлөм каралды.

Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ кызматташтыгын координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу басма сөз жыйынында буларга токтолду:
“Кабыл алынган чечимдер Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, атамекендик кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого, ички рынокто бааларды турукташтырууга жана даяр продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө багытталган. Бул товарлар Кыргызстанга гана ташып келе алабыз жана сыртка чыгара албайбыз”.

Министрликтин өкүлдөрү тактагандай, Евразия экономикалык комиссиясы мындан сырткары Кыргызстан үчүн жарандык жүргүнчү учактарына карата тарифтик жеңилдиктерди эки жылга чейин узартты. Алардын пикиринде, бул чечим авиациялык техникалык паркты жаңылоого дем бериши ыктымал.

Тигүүчүлөрдүн көйгөйү чечилдиби?

Атайын басма сөз жыйынында журналисттер соңку айларда тоскоолдуктарга кабылып жаткан текстиль тармагынын көйгөйлөрүнө токтолуп, “Евразия экономикалык комиссиясы кыргыз тигүүчүлөрүнө кандай жеңилдиктерди берди?” деген суроо коюшту.

Экономика жана коммерция министрлигинин адиси Элимбек Каныбек уулу буга минтип жооп берди:

“Тигүүчүлөрдүн маселеси Евразия экономикалык комиссиясынын декабрь айындагы жыйынында каралган. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Жолдошевич Амангелдиев катышып, маселе көтөргөн. Ал Wildberries жана башка маркеттер аркылуу кийим-кечек жеткирүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын айтып, аны чечүү талабын койгон. ЕАЭБ бул маселени өзүнүн кароосуна алып, бир жарым айдын ичинде алты жыйын өткөрдүк. Ага Wildberries’дин, Ozon’дун өкүлдөрү, биздин ишкерлер, Орусиянын өкүлдөрү катышты. Бул иш-аракеттер жыйынтык берди, өз ара түшүнүүгө жетиштик. Орусиянын Федералдык бажы кызматынын өкүлдөрү 30-январдан тартып, Кыргызстандан электрондук аянтчалары аркылуу бараткан текстиль товарлары биз макулдашкан модел менен чек арадан эч кандай тоскоолдуксуз өтө баштай турганын ырасташты. Биз жакын арада биздин бизнес өкүлдөргө тиешелүү өзгөрүүлөр тууралуу семинарларды өткөрүп, бажы документтерин кантип туура толтурууну үйрөтөбүз жана түшүндүрүү иштерин күчөтөбүз”.

Былтыр сентябрь айынан баштап Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу автоунаалар Казакстан менен Орусиянын чек арасында көпкө кезек күтүп, тыгын узарып жатканы кабарланган. Казакстандык басылмалар сентябрдын аягына келип өткөрмө бекеттерге такалган жүк машинелердин саны 7 миңге жеткенин маалымдашкан. Кийин эки багыт боюнча тыгында калган транспорт саны 14 миңге жакындаган. Кезек акыры миңге чейин кыскарган.
Казакстандын Транспорт министрлиги кезектин узарышын Орусия Федерациясы тараптан текшерүүлөрдүн күчөшү менен түшүндүргөн. Орус бажычылары жана чек арачылары жүктөрдүн документтерине, анын ичинде санитардык жана фитосанитардык талаптар боюнча жаңы чараларды киргизгени маалым болгон.

Мындан улам Орусияга түз товар жеткирген жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин жүктөрү ара жолдо калып, же артка кайтып келди. Натыйжада көбү кардарларын жоготуп, азы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.
Тигүүчүлөрдүн көйгөйү Жогорку Кеңеште бир нече ирет көтөрүлүп, парламенттин "Ала-Тоо" депутаттык тобунун 16-январдагы жыйынында ишкерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда талкууланган.
21-январда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өкмөткө тапшырмаларды койгон.

Тигүү цехин иштеткен ишкер, аталган тармактагы көйгөйлөрдү көтөрүп жаткан Диля Дүйшөбава соңку жагдай кандай болуп калганын айтып берди:
“Маселе чыккан соң биздин ассоциация Экономика министрлигине кат жазганбыз. Кийин ар кайсы деңгээлде, анын ичинде президент менен да жолугушуу өтүп, мамлекет башчынын тапшырмаларды берди. Орусия, маркетплейстер, ишкерлер жана башка бардык тараптар катышкан онлайн сүйлөшүүлөр болду. Мен азыр Кытайга товар алганы келгем, мен келатканда маселе 90% чечилип калган эле. Азырынча товар жөнөтүүдөгү тоскоолдуктар жоюлган жоюлбаганын байкай элекпиз, эгер оң чечим чыккан болсо анда эми сезилет болуш керек”.

Тигүү тармагына байланыштуу да кыргыз-казак жана казак-орус чек арасындагы узун кезек да ошондой окуялардын бири. Орусия президенти Владимир Путиндин былтыр ноябрдагы Бишкек сапарында тигүү тармагы туш болгон кырдаал талкууланып, маселе чечилери тууралуу сөз болгон. Кийин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын декабрдагы Санкт-Петербург саммитинде да ушул маселе козголгон.

Чек арадагы кезек кала берди

Ал ортодо Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) расмий баракчасы кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезек күтүүсү боюнча маалымат таратты. Анда казак өкмөтү Кыргызстандан жүк мыйзамсыз өткөн учурлар бар экенин, текшерүү атайын белгиленген убакта аяктай турганын билдиргени жазылган.

“Текшерүү улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн токтотуу аркылуу чек арада тартип орнотууга багытталган. Астана бир тууган Кыргызстан менен өзгөчө ынак коңшулук мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты жогору баалайт. Казакстан эки өлкөнүн экономикасына жана эл аралык аброюна олуттуу зыян келтирген мыйзамсыз аракеттерди токтотуу багытында түшүнүү жана мындан аркы биргелешкен кызматташтык жүрөт деп үмүттөнөт”, - деп жазылган казак тараптын расмий билдирүүсүндө.

Маалыматта уюмдун алкагында товарлардын мыйзамсыз ташылышына каршы күрөшкө маани берилери, бул багытта навигациялык пломба колдонуу, товарлардын өтүшүн артынан көзөмөлдөө жана маркалоо механизмдери киргизилгени жазылган.

Казак тараптын билдирүүсү боюнча Кыргызстандын Министрлер кабинети комментарий бере элек.
Кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек Кыргызстан ЕАЭБге кирген он жылча убакытта көп ирет катталды. Коңшу өлкөнүн чек арасындагы текшерүүлөр адатта жаз алдында күчөп баштайт, ошондуктан кээде бул сугат сууну жөнгө салуу үчүн жасалган инструмент катары да бааланып жүрөт. Мындай окуялар кээде эки өлкө бийлигинин ортосунда кайым айтышууларды да жараткан. Бирок чек арадагы узун кезектер улам-улам кайталанып келатат.

Коомдук ишмер жана чарбакер Манасбек Султанов ЕАЭБ берген соңку жеңилдиктерди сооротуучу ыкма деп атады:
“Евразия экономикалык биримдигин түптөгөндө алар Европа биримдиги сыяктуу кылабыз деп ойлошкон. Бирок бул уюм аны кайталай алган жок, жөн гана анын байкуш пародиясы болуп калды. Европада бир өлкөдөн бир өлкөгө киргенде чек ара жок, бажы жок. Машинелер жөн эле өтүп кете берет, эч ким текшербейт. А биздечи? ЕАЭБ болгонубуз менен эч нерсе өзгөргөн жок. Европадан товар алып келем десең, Беларуска кирсең текшерт, андан Орусияга өтсөң текшерет, кайра Казакстанга киргенде дагы текшерет. Сааттап кезекте турасың, текшерүүсү болчу толтура. Тоскоолдуктары да ошончо. Анан кайра-кайра айтып деп, ызы-чуу салып атып, жогоруда айтылгандай кичинекей жеңилдиктерди берет, упчу эмизгенсип... Казакстандагы адистер менен баарлашсам, алар биз ЕАЭБде талапты катуу коюп, өз таламыбызды талашабыз, Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында жакпаган тартиптерге ар бир ирет каршылык көрсөтөбүз, кыргызстандык өкүлдөрү көбүнө унчукпай “макул” деп коюшат” деп айтышты. Биздин биздин өкмөт өкүлдөрү тиешелүү маселелер боюнча талап коюшканы менен аларды ийге келтирчү рычагдарга ээ эмес. Ошонун айынан чек арада кайра-кайра кезек узарып, жүк ташуучу унаалар тыгылып калууда”.

Кыргызстандын дооматы, Орусиянын жообу

Доомат демекчи, Кыргызстандын өкмөтү январь айында Орусия мигранттардын медициналык жардам алуу боюнча укугун сактабай жатат деп Евразия экономикалык биримдигинин сотуна даттанганы маалым болду.

Муну алгач Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов 27-январда парламенттин жыйынында айтып, Орусияда иштеген кыргыз мигранттарынын үй-бүлө милдеттүү медициналык камсыздандыруу берилбей жатканын буга жүйө келтирди.

28-январда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасына катышкан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга түшүндүрмө берип, кыргыз тарап ЕАЭБ сотунан түшүндүрмө гана сураганын тактады.
“ЕАЭБдин соту түшүндүрмө берет. Келишимдин алкагында тараптар кандай милдеттерди алышы керек. Жөн гана түшүндүрмө берет. Бул сот процесси эмес же милдеттенме эмес. Беш мамлекеттин алкагында, беш мамлекетке тең бирдей тиешеси бар келишим түзүлгөн да ЕАЭБдин алкагында. Эгер кандайдыр бир тарап милдеттемесин аткарбаган болсо, комиссиялар бар, анын алкагында министрликтер бар. Ошолор маселени талдап чыгышат", – деди Данияр Амангелдиев.

Бул арада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин сотуна кайрылуусу даттануу эмес, келишимдин ченемдерин тактап берүү экенин түшүндүрөрүн билдирди.
“Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстан ЕАЭБдин сотуна доо менен кайрылган имиш деп жазып чыгышты. Эч кандай доо коюлган жок. Кыргыз тарап муну тез арада тастыктап маалыма таратты. Бишкек 2025-жылдын ноябрында уюмдун сотуна ЕАЭБдин келишиминдеги милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча бөлүгүн тактоону түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган экен. Анын аягы сот тараптан кеңеш берүүчү бүтүм менен жыйынтыкталат жана ал сунуш мүнөзүндө гана болот. Биз, Орусия тарап да соттук органдын бул маселе боюнча турумун күтүп жатабыз”, – деди ал 30-январдагы брифингде.

Маалыматтарга ылайык, бул боюнча талаштын чечими эки апта ичинде чыгышы ыктымал.

Евразия экономикалык биримдигинин соту уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды, келишимдердин аткарылышын карайт. Ага мүчө мамлекеттер жана компаниялар доо арыз менен кайрыла алат. Анда ЕАЭБге кирген беш өлкөгө экиден квота берилип, жалпы он судья иштейт.

Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизген соң ал жакта эмгектенген мигранттардын саны дээрлик эки-үч эсе кыскарды. Мурун орус жергесинде, бейрасмий маалымат боюнча, миллиондой кыргызстандык иштеп жүргөн болсо, азыр 341 миңдейи гана калды.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России