Республикалык спорттук коллеждин директору Айбек Ташматов камалды
Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин директору Айбек Ташматов 15-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы берген.
Айбек Ташматовго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.
Ал 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевге Республикалык спорттук коллеждин базасында салынган жаңы спорт комплекси жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жатакана, мечит жана тарбия корпусун тааныштырган.
Жакында эле социалдык тармактарда Айбек Ташматов Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) тойканалардын биринде тебетей кийгизип жатканы тартылган видео тараган. Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ошол учурда Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда Ташиев Бишкекке кайтып келип, 17-февралда чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.
Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан. (BTo)