Каримовдун тушундагы генерал чыккынчылыкка айыпталды
Ислам Каримовдун маалында генералдык наам алып, ички иштер министри болуп турган Адхам Ахмедбаев учурда Өзбекстанда чыккынчылыкка айыпталып, үй камагында. Ал Шавкат Мирзиёевдин жана анын жакындарын аңдып, телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшаган деп айыпталган.