Орусияга каттаган автобустар ойдогудайбы?
![Орусияга каттаган автобустар ойдогудайбы?](https://gdb.rferl.org/53f3153a-3082-4b28-9a9c-5dab5653d9a8_tv_w800_h450.jpg)
Транспорт жана жолдор министрлиги Кыргызстанда эл ташыган ички жана эл аралык каттамдагы автобустарды текшере баштады. Буга Казакстандагы Самара-Чымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, элүүдөн ашык адамдын өмүрүн алган окуя себеп болду. Бул кырсык автотранспорт аркылуу Орусияга сапар алчу кыргызстандыктардын оюн өзгөрткөн жок.