11-февралга карата аба ырайы
![11-февралга карата аба ырайы](https://gdb.rferl.org/C64343D0-BCC7-4E75-B1AD-F56C0D5A816D_cx0_cy8_cw0_w800_h450.jpg)
11-февралда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым райондоруна туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...+5;
Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз 1...+6;
Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3;
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -5...-10;
11-февралда Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8, күндүзгү жогорку температурасы 2…4 градус жылуу.