Тойдо ууланган беш адамдын абалы оор
![Тойдо ууланган беш адамдын абалы оор](https://gdb.rferl.org/a2cd91b7-5b62-46a4-a6ee-43da0f5fc3f1_tv_w800_h450.jpg)
Ош облусунун Кара-Суу районунда тамакка ууланып ооруканага түшкөн 12 бейтаптын бешөөнүн абалы дагы эле оор. Алардын төртөө эки жарым жаштан үч жарым жашка чейинки наристелер. Дарыгерлер бейтаптардын саламаттыгы көзөмөлдөнүп жатканын билдиришүүдө.