Путиндин Кемероводо эл менен жолукпаганынын себеби айтылды
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун түшүндүрмөсү боюнча, миңдеген кишиден турган топ менен сүйлөшүү "Путиндин стили" эмес. Ал муну Жогорку экономика мектебиндеги ток-шоу учурунда айтты.
Кремлдин басма сөз катчысы Путинди популизмден алыс "так президент" деп атады. Кемеровонун губернатору Аман Тулеевдин митингге чыккан оппозицияны "бөлүп-жаруучулар" деп атаганы ийгиликсиз болуп калганын белгиледи.
"Чыныгы оппозициясы жок өлкө жашай албайт" деген Песков орус оппозициясы Григорий Явлинский, Алексей Навальный сыяктуу адамдардын айынан бириге албай жатканын белгиледи.
Песковдун сөзүн "МБХ Медиа" басылмасы жазып чыкты.
25-мартта Кемероводо оюн-зоок соода борборунда чыккан өрттөн 64 киши набыт болгон, анын 41и балдар. 27-мартта жергиликтүү тургундар облустук администрациянын алдында адамдардын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону жана губернатордун кызматтан кетүүсүн талап кылып митингге чыгышкан. Ошол эле күнү орус президенти Владимир Путин кырсык болгон аймакка барып, облус жетекчилиги менен жолуккан. Президент да, губернатор да митингдеги элге чыгып жолуккан эмес.