Тегеран шаарынын экс-прокурору камакка алынды
Тегеран шаарынын мурдагы прокурору камакка алынганы маалымдалууда. "Mizanonline" агенттигинин кабарлашынча, Саид Мортазави өткөн ноябрда эки жылга эркинен ажыратылган. Экс-прокурор 2009-жылы өкмөткө каршы демонстрациялар маалында кармалган кишинин түрмөдө каза табышына байланыштуу айыпталган.
Өткөн аптада юстиция тармагынын өкүлү Голямхосейин Мохсен-Эжеи экс-прокурор Мортазавини кармоо ордери чыкканы менен, аны колго түшүрүү мүмкүн болбой жатканын билдирген. Мортазавинин жубайы жана адвокаты ал дайынсыз болуп жатканын четке кагып, сот өкүмүн талашаарын айтышты.
Тегеран шаарынын прокурору болуп алты жыл иштеген маалда жана ага чейин судья кезинде Мортазави реформачыл басылмаларды жабууга жана ондогон журналистти соттоого катышкан. АКШ жана Евробиримдик аны адам укуктарын бузган кишилердин "кара тизмесине" киргизишкен. Канада экс-прокурор 2003-жылы ирандык-канадалык фотожурналист Захра Каземинин абакта курман болгонуна түздөн түз жооптуу деп эсептейт.
Мортазави 2009-жылдагы өкмөткө каршы митингдерде кармалган үч кишинин түрмөдө каза табышына байланыштуу 2014-жылы кызматынан алынган.