Жалал-Абадда жер көчкү жүрдү
![Жалал-Абадда жер көчкү жүрдү](https://gdb.rferl.org/7F1CE355-8A97-4EF8-BAAA-BBF22CB45E64_cx0_cy15_cw0_w800_h450.jpg)
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясында көчкү жүрүп, сууну бууп калган. Азырынча көчкүнүн көлөмү такталууда. Учурда ӨКМдин райондогу кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүп жатат.
Акыркы маалыматтар боюнча көчкүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (TSh)