Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматын Динара Молдошева жетектейт
![Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматын Динара Молдошева жетектейт](https://gdb.rferl.org/0B2FF46D-0BFF-4049-ABC3-538D35029A96_w800_h450.jpg)
Динара Молдошева өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 2-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөт аппаратынын коомчулук жана маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирди.
Молдошева 2007-2010-жылдарда Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2011-жылы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары кызматында иштеген.
2011-2012-жылдарды өкмөттүн парламенттеги өкүлү болсо, 2014-жылы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. (NT)