Тогуз-Торо районунун акими болуп Айбек Кожошев дайындалды
![Тогуз-Торо районунун акими болуп Айбек Кожошев дайындалды](https://gdb.rferl.org/F1627BF7-7C1C-45C1-AE5E-8D88872611BE_w800_h450.jpg)
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-майда кол койгон буйрукка ылайык, Айбек Кожошев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалды.
Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Айбек Кожошев буга чейин Тогуз-Тородо акимдин орун басары болуп эмгектенчү.
Ал эми районду Тилек Идирисов жетектеп келген.