Кыргыздан көшөгөсү көгөргөн Налян
![Кыргыздан көшөгөсү көгөргөн Налян](https://gdb.rferl.org/3302b067-cc07-48d5-b761-0fca8d6b8dec_tv_w800_h450.jpg)
Жыргалбек менен Налян Анталияда таанышып, баш кошушкан. Бирге түтүн булаткан 18 жылдын ичинде үч уулдуу болушуп, ата-эне түйшүгүн да жакшы билип калышты. Түрктүн кызы Налян жыл сайын Кыргызстанга барып келиндик кызматын кылып, кайын журтунун улуттук каада-салтын, үрп-адатын жазбай аткарууга ынтызар.