Испанияда аял-министрлер үстөмдүк кылган өкмөт ишин баштады
![Испанияда аял-министрлер үстөмдүк кылган өкмөт ишин баштады](https://gdb.rferl.org/B36F6ADA-FFD8-4C23-80DD-E97D93070F1D_cx0_cy10_cw44_w800_h450.jpg)
Испанияда 11 аялдан жана 5 эркектен куралган жаңы министрлер кабинети ишке киришип, жума күнү алгачкы жыйын өткөрдү. Алдыңкы күнү премьер-министр Педро Санчес тарабынан көрсөтүлгөн министрлер падыша Фелипе VI алдында ант беришти. Бул Европадагы аял-министрлер үстөмдүк кылган алгачкы өкмөт болуп калды.
Швеция өкмөтүндөгү министрлердин 12си аял, 11и эркек. 1-июнда өлкөнү жети жылдан бери жетектеп келген Мариано Рахойго парламент ишеним көрсөтпөй койгон. Анын ордуна социалисттердин лидери, 46 жаштагы Педро Санчес бекитилген. Вице-премьер-министр Кармен Кальво жаңы өкмөт өлкө боюнча аялдар менен эркектердин ортосундагы гендердик теңчиликти камсыз кылууга аракет кыларын билдирди.