Өкмөттүн отчетун угуу парламент комитетинде талаш жаратты
![Өкмөттүн отчетун угуу парламент комитетинде талаш жаратты](https://gdb.rferl.org/F58388D8-0985-4846-BE76-1EB8C3CB21E2_cx0_cy13_cw0_w800_h450.jpg)
Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөт башчынын былтыркы ишин карап, баалоону жалпы жыйынга чыгаруу чечимин кабыл алды. 12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу отчетун укту.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасап, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө, укук тартиби жана коопсуздук жаатындагы иштерге токтолду.
2017-жылы өкмөттү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана коррупцияга тиешеси бар деп камалган Сапар Исаков башкарган. Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, быйыл апрелде кызматтан кеткен. Андыктан Абылгазиевдин баяндамасын кабыл алуу же албоо маселеси эки анжы ой жаратты. Маселе 14-июндагы жалпы жыйында каралат.
Абылгазиев баштаган өкмөттүн курамы быйыл 20-апрелде ишке киришкен. (SE)