Дональд Трамп Сооронбай Жээнбековго куттуктоо жиберди
АКШ президенти Дональд Трамп Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин орозо айт менен куттуктады. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, куттуктоо анын жеке өзүнүн гана эмес, бүткүл америлыктардын жана жубайы Мелания Трамптын атынан да жиберилген.
«Америка Кошмо Штаттарында түрдүү улуттардын жана диндердин өкүлдөрү, анын ичинде Америка мусулмандары чогуу жашап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп келишет. Алар АКШнын Куралдуу күчтөрүндө кызмат кылышат», — деп белгиленет АКШ президентинин телеграммасында.
Сооронбай Жээнбековдун атына Орусия, Сауд Арабиясы, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан жана башка мамлекеттердин жетекчилеринен да куттуктоолор келип жатат.
Орозо аяктап, айт майрамы белгиленип жаткандыктан Кыргызстанда 15-июнь эс алуу күнү деп жарыяланган. (SE)