Кылмыштуу топтун мүчөсү граната менен кармалды
![Кылмыштуу топтун мүчөсү граната менен кармалды](https://gdb.rferl.org/BE9FE0E0-4F81-40C6-A1CF-91ED6898A42D_cx0_cy38_cw0_w800_h450.jpg)
21-июнда Чүй облустук милициясынын кызматкерлери Аламүдүн районунун Лебединовка айылынан 27 жаштагы А.А аттуу жаранды кармашкан. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин тизмесинде болгон.
Шектүүнүн жанынан “Ф-1” үлгүсүндөгү граната табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды. Ал эми алынган курал соттук баллистикалык экспертизага жиберилди. (TSh)