Арменияда экс-премьердин агасы камалды
![Арменияда экс-премьердин агасы камалды](https://gdb.rferl.org/A56941DE-AD92-4FE1-846A-B8A7E0C67EDC_w800_h450.jpg)
Армениянын мурдагы премьер-министри Овика Абрамяндын агасы Генрих Абрамян эки айга камалды.
Сот департаменти Атайын тергөө кызматынын Генрих Абрамяндын бөгөт чарасына байланыштуу арызын карап, аны канааттандырган. Маалыматка караганда, экс-премьер-министрдин бир тууганы мыйзамсыз курал алып жүрүү жана сактоого айыпталууда.