Порошенко: Украина орус империясынан кол үздү
24-августта Киевде Эгемендик күнүнө карата аскердик парад өттү. Ага негизинен украин жоокерлери, техникасы, ошондой эле 18 өлкөдөн келген 300дөй жоокер катышты. Аскердик парадда президент Петро Порошенко Украина орус империясы менен бардык байланышын үзгөнүн айтты. Украина көз карандысыз экенин СССР расмий чачырардан төрт ай мурда, 1991-жылы 24-августта жарыялаган. Азыр Киев бийлиги өлкө чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен кармашып келе жатат.