Эмине Эрдогандын Кырчында жол тыгында калганы боюнча иликтөө жүрүп жатат
![Эмине Эрдогандын Кырчында жол тыгында калганы боюнча иликтөө жүрүп жатат](https://gdb.rferl.org/E6785902-1BEF-4F65-8B7C-E813CABE3346_w800_h450.jpg)
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунан кайткан жолдо тыгында калышынын чоо-жайы иликтенип жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.
Сагынбаев муну менен Эмине Эрдогандын жол тыгында калганы тууралуу маалыматтарды ырастады. Буга чейин бул окуя тууралуу расмий кабар берилбей жаткан.
- Түркиянын биринчи канайымы жол тыгында кармалып калганы туура эмес болду. Азыр бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында кызмат адамдарына укук коргоо органдарынан жана мамлекеттик кызматтан кетирүүгө чейин тиешелүү чаралар көрүлөт, - деген Дамир Сагынбаев Эмине Эрдоган тыгында канча убакыт турганын айткан жок жана бул окуяга жооптуу кызмат адамдарынын атын атабады.
Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Эмине Эрдогандын жол тыгында калышына байланыштуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Туруспек Коеналиев баштаган чиновниктерди кызматтан алуу маселеси каралып жатканын маалымдашкан.
Түркия президенти жубайынын коштоосунда Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен 1-3-сентябрда болуп, анын жүрүшүндө Көчмөндөр оюндарын көрүшкөн. Эмине Эрдоган Кырчынга 3-сентябрда барган. Ал жайлоодон кайтып келатканда жолдо тыгында көпкө кармалып калганы айтылган.
Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы аэропортто аны Режеп Тайып Эрдоган бир жарым сааттай күтүп калганы кабарланган. Президенттик аппарат жана башка тиешелүү мекемелер окуяны ырастай элек болчу. (NT)