“Түндүк” системасынын келечеги талкууланат
![“Түндүк” системасынын келечеги талкууланат](https://gdb.rferl.org/C1631248-A776-4452-83E2-FA2BDA33AB14_w800_h450.jpg)
Бишкектеги “Хаят” мейманканасында “Түндүк” системасынын жетишкендиктери менен келечегин талкуулаган жыйын өтөт. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
“Түндүк” системасы министрликтер, ведомство жана жеке компанияларды бириктирип, маалымат алмашуунун жол-жобосун жеңилдетүүгө багытталган. Буга чейин мекемелер ортосунда электрондук өз ара аракеттенүүсүн киргизүү үчүн “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” түзүлдү. (КЕ)