Керчтеги окуяда жабыркаган он киши реанимацияда
Орусия аннексиялап алган Крымдын Керч шаарындагы политехникалык коллеждеги ок атуу менен жардыруудан жаракат алган беш киши комада.
Реанимацияда жалпы 10 киши жатканын "Россия 24" телеканалына саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова кабарлады.
Керч шаарындагы политехникалык коллеждин имаратында 17-октябрда жарылуу жана ок атуу болгон.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, окуя учурунда өлгөндөрдүн саны 19га жетти. Өмүрү кыйылгандардын көпчүлүгү өспүрүмдөр, арасында окуу жайдын мугалимдери да бар.
Мындан сырткары дагы 50дөй адам жараат алганы аныкталды.
Орусиянын Улуттук антитеррордук борбору алгач политехникалык коллеждин кафетериясында колго жасалган жардыруучу зат жарылганын кабарлаган.
Бийлик бул окуяны азыр башында мүнөздөлгөндөй Кылмыш кодексинин “теракт” эмес, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча иликтеп жатат.
Анткени окуя болгон жерде 18 жаштагы студент өзүн-өзү атып, өмүрүн кыйганы да белгилүү болду. Кылмышка шектүүнүн ысымы политехникалык коллеждин төртүнчү курсунун студенти Владислав Росляков деп айтылды.