АКШ президентинин кеңешчиси Болтон Грузияга барат
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жума күнү Грузияга барат. Бул тууралуу грузин премьер-министри Мамука Бахтадзе билдирди.
- Болтон менен сентябрь айында Вашингтондо жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты, аны өнүктүрүү, аймакта орун алган коркунучтар тууралуу сүйлөшкөнбүз. Болтон Грузиянын ишенимдүү досу, - деди ал.
Өкмөт башчы АКШ-Грузин байланышын жогору баалады.