Улуу Жорш Буш дүйнө салды
![Улуу Жорш Буш дүйнө салды](https://gdb.rferl.org/46A657C1-B90C-4A14-A6D3-EE234434EA92_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg)
АКШнын мурдагы президенти, улуу Жорш Буш 94 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын басма сөз кызматына таянып, ТАСС агенттиги ишембиде кабарлады.
Маалыматта ал 30-ноябрда акка моюн сунганы жазылган. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан өтөрү тууралуу азырынча айтыла элек.
АКШнын 41-президенти Жорш Буш беш баланы тарбиялаган, 17 небереси, сегиз чөбөрөсү бар.
Буштун жубайы Барбара Пирс да быйыл көз жумган. Алардын тун уулу кичи Жорш Буш АКШнын 43-президенти болгон. Дагы бир уулу Жеб Буш Флорида штатынын губернаторунун милдетин аркалаган.
Маркум соңку жылдары паркинсон оорусунан жабыркап, майыптар арабасында жүргөн.