Атамбаев: Текебаевди каматтырбай койсом болмок
Мурдагы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалы менен маегинде “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал Текебаевге чара туура колдонулганын, ошентсе да “аны каматтырбай койсом болмок” деген өкүнүчү бар экенин айтты.
“Мыйзамды бузуп, каматтырбай эле койсом болмок окшойт. Бирок мыйзам боюнча чара туура колдонулган. Миллиондун алынганы чын”,-деди Атамбаев.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деген негиз менен былтыр февраль айында камалышкан.
2017-жылдын августунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Коррупция" беренеси менен соттолгон эки саясатчынын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Бул чечимди Жогорку Сот да күчүндө калтырган.
Текебаев менен Чотонов жана алардын тарапкерлери дооматтардын баарын четке кагышып, Атамбаев баштаган ошол бийликтин "саясий курмандыгы" болгонун айтып келишет.
Саясатчылардын камакка алууда негизги күбө болуп берген орусиялык Леонид Маевский 17-ноябрда Москвада «опузалап акча өндүргөн» деген кине менен кармалган.