Гонконгдо демонстранттар парламенттин имаратына кирип барышты
Гонконгдо жүздөгөн демонстранттар мыйзам чыгаруучу орган жайгашкан имаратка жапырт кирип барышты. “Рейтер” агенттиги көбү темир арматура, түтүктөр менен куралданганын жазды. Телекадрларда алар дубалдардагы сүрөттөрдү талкалап, тамдарга граффити тартканын, залдарга тамак-аш салынган кутуларды алып келип жатышканын көрсө болот. Маалыматтарга караганда полиция демонстранттарга тоскоол болгон жок. Бийлик нааразылыкка чыккан жаштарды “козголоңчулар” деп атады жана имараттан чыгып кетүүгө чакырды. ... Читать дальше...