Матубраимов: Парламенттик башкаруу болгону менен жоопкерчиликти жалгыз президент тартып келе жатат
Кыргызстанда жакшы мыйзамдар кабыл алынганы менен ошол мыйзамдар иштебей турганын белгилеген коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов бул мүчүлүштүк бийлик башындагыларда да бар деп эсептейт. Экс-спикер бул тууралуу «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» программасына маек куруп жатып билдирди: «Мына, мыйзам боюнча Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы. Президенттин бийлиги жок. Парламент өкмөттү бекитет, кааласа кетирет. Президент коргоо министри менен коопсуздук кызматынын жетекчисин коё алат. Калган укуктун баары парламентте. Читать дальше...