Чек арада бошотулган үч жаран түрдүү жараат менен ооруканага түштү
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары бүгүн, 17-майда Тажикстан тараптан кармалып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бошоп келери менен ооруканага жеткирилди. Алар башынан, көкүрөк жана бетинен жараат алышкан. Баткен аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Айжигитов "Азаттыкка" Ак-Сай айылынын үч тургуну ар түрдүү жарааттар менен ооруканага түшкөнүн маалымдады. "Үчөөнүн баш мээси чайкалган, бети, көкүрөк булчуңдарынан жарадар болушкан. Азыр абалдары туруктуу. Читать дальше...