Алай районунда жер силкинди
Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-январга караган түнү саат 01:56да Тажикстандын аймагында жет титирөө катталды. Анын күчү очогунда 6 баллга жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркештам, Нура, Сары-Таш жана Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 2008-жылы октябрда Алай районунун Нура айылында күчү сегиз баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп... Читать дальше...