Орусияда бийлик "Фейсбукту" “экстремисттик” деп тапты
Москванын Тверь райондук сотунун судьясы Ольга Солопова америкалык Meta компаниясына каршы укук коргоо органдарынын доосун карап, аны “экстремисттик” деп тапты. Бул тууралуу чечимди судья 21-мартта кабыл алды. Соттун чечимине ылайык, корпорация ээлик кылган Facebook менен Instagram тармактары Орусияда толук бөгөттөлөт. Орусияда Facebook 4-марттан баштап, Instagram 14-марттан баштап жабылган эле. Сот чечиминин WhatsApp мессенжерине тиешеси жок. Мунун алдында Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ)... Читать дальше...