Дмитрий Медведев Кыргызстанга келди
![Дмитрий Медведев Кыргызстанга келди](https://gdb.rferl.org/A0B49FB2-DAF6-41FF-B81D-E7BCB2870BFA_w800_h450.jpg)
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт аралык кеңешине катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлап, Медведев 9-августта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугаарын билдирди.
ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат.
Медведевден мурун Казакстандын жана Беларустун өкмөт башчылары Аскар Мамин менен Сергей Румас келишкен.
Премьерлерди Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын артынан Бишкек шаарында ушул тапта коомдук-саясий абал курчуп турат. (TSh)