16-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
![16-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат](https://gdb.rferl.org/A565CC68-BC05-4405-9923-62A6DBAFDA3A_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
"Кыргызгидрометтин" кабарлашынча, 16-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
16-декабрда күндүз жамгыр жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2;
Таласта түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2;
Баткенде түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -7…-12 градус суук болот.
16-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -10…-12, күндүзгү жогорку температурасы 0…+2 градус болот. (ErN)