Кыргыз балы Катардагы көргөзмөгө коюлду
![Кыргыз балы Катардагы көргөзмөгө коюлду](https://gdb.rferl.org/8956A39D-3355-4507-BE04-254B76711A8B_cx35_cy40_cw19_w800_h450.jpg)
Кыргызстандын GIMNILI, «Маңыз», «Balary», «Kyrgyz Honey» жана «Nocturne» компанияларынын өкүлдөрү ушул тапта Доха шаарында өтүп жаткан эл аралык «Сук Вакиф 2020» бал көргөзмө-жармаңкесине катышып жатышат. Бул маалыматты Кыргызстандын Катардагы элчилиги таратты.
Көргөзмөнү Катардын Соода жана өнөр жай министрлиги менен Муниципалитеттер жана айлана-чөйрө министрлиги уюштуруп, ага дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн келген 150 компания катышууда.
Кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн бул иш-чарага катышуусуна Катардагы элчилик көмөктөшкөн. (ZKo)