Абылгазиев катышкан жыйынга КТРКдан башка журналисттер киргизилген жок
![Абылгазиев катышкан жыйынга КТРКдан башка журналисттер киргизилген жок](https://gdb.rferl.org/636EEBBF-67CD-4989-A852-B89A9A6CAC7C_w800_h450.jpg)
Жалал-Абад облусунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өтүп жаткан жыйынга Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» каналынын журналисттеринен башка медиа каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок. Буга чейин облустук администрация тарабынан жыйынга катышуучу журналисттердин аты-жөнү алдын-ала такталып, өкмөттүн аппаратына сунушталган болчу. Өкмөттүн басма сөз кызматы муну аймактарда өтүүчү катардагы жыйындардын бири деп, катталган журналисттердин кирбей калуу себебин түшүндүргөн жок.
Маалым болгондой, премьер-министрдин катышуусунда Жалал-Абад облусунда былтыр аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып жатат. Ага алдын-ала чакырылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тизме менен киргизилди. (RsK)