Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө жаңы жетекчи келди
![Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө жаңы жетекчи келди](https://gdb.rferl.org/604FD1D8-07B3-4F52-89F1-4DF4954204EE_cx0_cy30_cw0_w800_h450.jpg)
Нурлан Акматов Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Акматов жаңы кызматына 21-апрелден баштап киришет.
Ал буга чейин аталган комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча коллегиясынын мүчөсү болчу.
Нурлан Акматов кесиби боюнча экономист жана юрист. Ал 2011-2018-жылдары «Газпром Нефть Азия» ишканасынын директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары болуп иштеген.
2018-2019-жылдары «Манас» аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болгон. (BTo)