Врач-инфекционист: Айып издебей, жардам бергиле
![Врач-инфекционист: Айып издебей, жардам бергиле](https://gdb.rferl.org/b7f2d2fc-c8e9-4e33-981d-a38035d235ec_tv_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда COVID-19 вирусуна кабылган дарыгерлердин саны 147ге жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын ооруканаларынан илдетти жугузуп алышкан. Ал эми бул күндөрү Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде төрт кызматкер вирус жуктурганы аныкталып, ооруканага жаткырылды. Шаардагы №8 үй-бүлөлүк медицина борборунун инфекционист-дарыгери Алтын Токтокожоева дарыгерлердин иштөө шарты, оорулууларды аныктоо, анализ алуу аракеттери, алар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу “Азаттык” менен маектешти.