Боронов: COVID-19 боюнча абал кооптуу, көбү карантин эрежесин сактабай жатат
Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу кооптуу, Нарын облусунда кырдаал оорураак. Бул тууралуу 18-майда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда вице-премьер-министр, Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов билдирди.
Боронов вирус жуккан жаңы учурлар көбүнчө чет өлкөлөрдөн кайткандар жана чет жактан жүк ташыган айдоочулар арасынан чыгып жатканын айтты.
Үй карантинине жайгаштырылгандар арасында эреже сактабагандар көп экенин кошумчалады.
Мамлекет башчысы өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Жалпысынан 18-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1216 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 827 бейтап айыгып чыкты. (RK)