БШК мүчөсү Осмоналиев суракка чакырылышынын саясий себеби болушу ыктымал деп эсептейт
![БШК мүчөсү Осмоналиев суракка чакырылышынын саясий себеби болушу ыктымал деп эсептейт](https://gdb.rferl.org/798AD23F-CC5D-4FA4-811A-BC365438B816_w800_h450.jpg)
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Осмоналиевге Жоруктар кодексинин 186-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча иш катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция Осмоналиевди суракка чакырып, Абдрахманов аттуу адам май айында арызданганын билдирген. Бул жөнүндө Кайрат Осмоналиев "Азаттыкка" билдирди:
"Мен "Фейсбукта" бир постту бөлүшүп койгон элем. Ошол үчүн менин үстүмөн милицияга арыз түшүптүр. Азыркы кодекс боюнча бардык арыздар бирдиктүү реестрге катталып, автоматтык түрдө сотко чейинки өндүрүшкө алынат. А мен болсо май айында жазылган арызга байланыштуу суракка сентябрда чакырылдым. Тергөө башкармалыгы менин ишимде кылмыш жоктугун билдиришти".
Кайрат Осмоналиев суракка чакырылганын саясий себептерге байланыштырарын кошумчалады. Ал муну жакында эле БШКнын отурумунда оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" партиясын жактаганы үчүн атайылап жасалган болушу ыктымал деп айтууда.
БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан.
Ага чейин БШК “Бүтүн Кыргызстандын” курултайында бекитилген тизме өзгөртүлүп калганы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун арызын караган болчу. Маселе каралып жаткан учурда БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев партияны жактап, Турсунбай Бакир уулун "саясий буйрутма аткарып жатат" деп айыптаган. (ZKo)