Матраимов иши: Эркиндиктин баасы эки миллиард сомбу?
![Матраимов иши: Эркиндиктин баасы эки миллиард сомбу?](https://gdb.rferl.org/485590ff-1ddf-4373-97db-76db2eedf6c3_tv_w800_h450.jpg)
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен камакка алынган жок. Мындай чечимди 20-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. УКМКнын кызматкерлеринин курчоосунда чыккан Райымбек Матраимов журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.