Аба ырайы: Күн ачык болот
![Аба ырайы: Күн ачык болот](https://gdb.rferl.org/9F1BB082-6288-4172-A356-4D2AA0C28C0D_cx0_cy18_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 6-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 10…15;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 10…15;
Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6;
Бийик тоолордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -4…-9 градус суук болот.
Бишкекте 6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 10…15 градуска чейин жогорулайт.