Кыргыз-тажик чек арасында карым-катнаш толук токтоду
![Кыргыз-тажик чек арасында карым-катнаш толук токтоду](https://gdb.rferl.org/065ea5e1-f617-4f70-b186-166d95b91f4c_tv_w800_h450.jpg)
Президент Садыр Жапаров Сочи шаарында орус лидери Владимир Путин менен жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулады. Көйгөйлүү маселелерди чечүүгө чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кыймыл толук токтотулганын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов маалымдады. Эксперттер коронавирус жуккандардын саны расмий эсептен төрт эсеге көп экенин болжошууда. Евробиримдик Минскиге каршы чара көрөрүн билдирди.