Аба ырайы: Күн ачык болот
![Аба ырайы: Күн ачык болот](https://gdb.rferl.org/3A8B8DF4-27DA-431B-9C81-61F3ECCBBDAA_cx2_cy17_cw88_w800_h450.jpg)
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 30-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңгок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...4,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-4, күндүз 8...10,
Нарын жергесинде түнкүсүн -18...-20, күндүз -4...-6,
Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Түнкүсүн -2…-4, күндүз 6…8° жылуу болот.