Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

"Темиров иши": тергөөдөгү темгилдер

Иликтөөчү журналист Болот Темировго төрт кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилип, сотко даярдалганы жарыяланды.

Ички иштер министрлиги буга байланыштуу тергөө бүтүп, сотко өткөрүү үчүн прокуратурага берилгенин билдирди. Тергөө анын баштапкы маңзат ишине эмес, 14 жыл мурда кантип паспорт алган жагдайына басым жасады.

Мунун алдында президент менен УКМК төрагасы Болот Темиров жасалма паспорт алган ишине маани берип, суроолорго жооп берип, комментарий жасашты. Журналист Темиров өзү муну жасаган иликтөөлөрү үчүн бийликтин өч алуусу деп сыпаттады.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын ишмердиги тууралуу иликтөөлөрдү жарыялаган журналист Болот Темировго маңзат сактоо, жасалма паспорт даярдоо, аны колдонуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренелери боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголуп, тергелип бүткөнүн Ички иштер министрлиги 26-апрелде маалымат жыйынында жарыялады.

Мекеменин Тергөө кызматы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Болот Темировдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу жаңы сунуш жок экенин, ал мурдагыдай эле эч жакка чыкпоо тууралуу тилкатынын негизинде иш сотко өтөрүн билдиришти.

“Уурдалган аскердик билет. Чапталган сүрөт”

Анын алдында президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигинин сайтына 25-апрелде жарыяланган маегинде журналисттин ишине токтолду:

"Болот Темировго кылмыш иши үч ай мурда эле ачылган. Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Орусиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бири гана. Ишенбесеңер журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Бардыгы бирдей жооп берет. Мыйзам президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей. Ушуга баш ийели баарыбыз, ээнбаштык кыла бербей”, - деп жазылган президенттин маегинде.

Темировго мурдагыдан башка дагы үч кылмыш иши ачылганы боюнча маалымат Temirov LIVE тобу “Үй-бүлөлөр үймөлөктөгөн тендерлер” деген видео иликтөөсүн жарыялаган учурга туура келди. Анда Ташиевдин үй-бүлө мүчөлөрү кантип мамлекеттик тендерлерге катышканы тууралуу айтылат.

Мында журналистке дагы кылмыш иштери ачылганы жөн эле дал келүүчүлүкпү же анын журналисттик иликтөөсүнө жооппу, азырынча белгисиз.

Бирок жыл башында Temirov LIVE медиа тобу "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын Ташиевге байланыштырган иликтөөсү чыккандан кийин 22-январь күнү кечинде анын кеңсесин беткапчан “спецназ” басып, журналист Болот Темировду колуна кишен салып, кармап алып кетип, бирок кийин коомчулуктун басымы менен бошоткон болчу.

Ташиев: иликтөө менен кылмыш иштеринин байланышы жок

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде козголгон кылмыш иштеринин Темировдун соңку иликтөөсүнө тиешеси жок экенин билдирди:

“Болот Темировго козголгон кылмыш иштери ал аталган иликтөөсүн жарыялаганга чейин эле, 3-4 ай мурун козголуптур. Болот Темиров 28 жашында Орусиядан Кыргызстанга кайтканда бирөөнүн аскердик билетин уурдаган. Ага өз сүрөтүн чаптап, аты-жөнүн өзгөрткөн. Анан ал аскер билети менен барып, кыргыз паспортун алган. Документ жасоо бул - кылмыштуу иш. Ал мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Ага ошол кезде паспорт берген орган да жооп берет. Ал мыйзамды бузса, биз аны “журналист” экен деп эле жеңилдик бере албайбыз. Мыйзам бардыгы үчүн бирдей”, - деди Камчыбек Ташиев.

Бишкек шаардык милиция козгогон ал төрт кылмыш иши бир бүтүн өндүрүшкө бириктирилип, айыптоо корутундусун бышыктап, сотко өткөрүү үчүн шаардык прокуратурага берилгени белгилүү болду.

Тергөө төрт иштин ичинен журналист Болот Темировго жасалма паспорт алуу боюнча коюлган айыптоого айрыкча басым жасап, анын жагдайларына токтолду.

Тергөө Темировдун жаңы ишин каяктан тапты?

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сеитов Болот Темиров 2008-жылы Орусиянын жарандыгынан чыкпай туруп, жасалма аскердик билеттин негизинде кыргыз паспортун алганын айтты:

“Анын тек-жайын тактоо учурунда документтери жасалма экени такталып жатат. Ошол аскердик билеттин номурун пайдалануу үчүн паспорт берчү кишилер менен алдын ала сүйлөшүп, анын Кыргызстанда аскер кызмат өтөгөнүн ырастоочу аскер билетин алганы көрсөтүлгөн. Бирок Болот Темиров кыргыз армиясында кызмат кылган эмес, аны паспорт алуу үчүн жөн эле жалган жерден пайдаланган. Өз ара сүйлөшүп туруп, кыргыз паспортун жасалма жол менен жасатып алган. Ошол эле кезде ал Орусиянын жарандыгынан чыккан эмес. Ал паспортунун мөөнөтү өткөндө, кайра жаңысына алмаштырган”.

Тергөө органы 2008-жылы Болот Темировго аталган паспортту Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү бергенин билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы ага паспорт жасоого көмөктөшкөн Өзгөндөгү паспорт бөлүмүнүн мурдагы үч кызматкерине дагы кылмыш иши ачылып, өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн айтып, бирок алардын ысымдарын ачыкка чыгарган жок.

Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатканы айтылды.

Ошол кезде аскердик билет паспорт алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмесинде болчу. Ошондой эле жарандык паспортторду берүү менен Мамлекеттик каттоо кызматы эмес, ИИМ паспорттук-визалык кызматы алектенчү.

Темиров: “Мени сындыра албайт”

Болот Темиров бир эле журналист эмес, 2008-жылы президенттик администрациянын катчылыгына караштуу жооптуу кызматта иштеген. Ак үйгө жумушка орношкондо анын тапшырган документтери кадрлар бөлүмү менен коопсуздук органы аркылуу тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөнүн, бирок анда эч бир маселе жаралбаганын айтты:

“2008-жылы мен кызматка орношуу үчүн бардык документтеримди тапшырганда тиешелүү кызматтардын баары текшерген. Тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин гана мага аталган мамлекеттик кызматта иштөөгө макулдук берилген да. Анда менин ар бир документим кылдат текшерилген. Паспортум жасалма болсо, ошондо эле чыгат эле да. Мага кылмыш ишин ачып, ошондо эле далилдеп бершпейт беле? Маселе жаралса, ошол кезде жаралмак. Болбосо, андан кийин чыкмак. Андан бери 14 жыл өтүптүр. Бул деген Болот Темировго эптеп эле илинчек таап, жаманатты кылып, анан мени отургузганга аракет болуп жатат. Буга чейин мага “сындырабыз” дегендей эскертүү болгон. Бирок мен алардын айтканын угуп, сынбайм. Принциптеримен кайтпайм”.

Тергөө ырастап жаткандай, Болот Темиров Орусиядан келип, 14 жыл мурда бирөөнүн аскердик билети менен жасалма паспорт алып, ал тургай президенттик администрациянын катчылыгында мамлекеттик маанилүү документтерди даярдап, иштеп жүргөндө маселе чыккан эмес.

“Анда атайын кызматка да суроо болот”

Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Таалайбек Жумадылов сотто тергөөнүн айыптоосу аныкталса, анда кезинде Темировду текшерген атайын кызматтар дагы жооп берүүгө тийиш экенин белгиледи:

“Атайын текшерүүнүн эң башкы максаты – артында кандай калбыры бар-жогун аныктоо. Анан кызматка бараткан адам кызматтык же мамлекеттик сырларга уруксат алуу үчүн үч түрдүү форманын бирин толтурат. Форма-1 бул - бардык сырларга, анын ичинде өзгөчө маанилүү материалдарга берилчү уруксат. Форма-2 бланкын “жашыруун” жана “өтө жашыруун” грифи бар документтер менен иштей тургандар толтурат. Ал эми форма-3 болсо кызматтык пайдалануудагы документтерге уруксат. Эгерде ага мамлекеттик сырларга же жок эле дегенде кызматтык пайдалануудагы документтерге уруксат берилген болсо, бул анын атайын текшерүүдөн өткөнүн ырастайт. Эгер ал жасалма аскердик билет менен кыргыз жарандыгын алса, анда анысы атайын текшерүүдө аныкталмак. Анда ал мамлекеттик кызматта, болгондо да президенттик администрацияда иштей алмак эмес. Ага сырларга уруксат берилген болсо, анда УКМКга суроо жаралат”.

Ички иштер министрлиги Темировдун иштери боюнча бир жумада эки ирет маалымат жыйынын өткөрдү. Ал эми журналист Болот Темировдон тергөө иштерин ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкат алынган.

Ак үйдү айланган "жасалма паспорт"

Ички иштер органы Болот Темиров жасалма паспортту колдонуп, өлкөнүн чек арасын 51 жолу мыйзамсыз бузуп өткөнү тууралуу дагы айып койду.

Бирок тергөө бышыктап жаткандай, анын “кыңыр иши” Темиров Ак үйгө жооптуу кызматка орношкондо же улам чек арадан өтүп жатканда базадан чыгып байкалбай, качан гана ал чуулгандуу иликтөөлөрүн чыгаргандан кийин аныкталып отурат.

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысы Алтаир Исмаилов Темировдун иши ал журналист болгону үчүн гана коомчулукта чуу жаратканын айтып, бирок ал анда атайын текшерүүдөн кантип өткөнү тууралуу суроону жоопсуз калтырды:

“Жасалма жол менен паспорт алып, андан соң ошону менен чек ара өткөрмөлөрүнөн ары-бери өтүп, колдонуп келген. Ал паспорт аркылуу жанагындай кызматка орношо берет. Азыр белгилүү болгондой, Болот Темировдун иши азыр маалымат каражаттарында талкууга түшүүдө. Бирок бизде жасалма паспорт алууга байланыштуу жүздөн ашуун кылмыш иши бар. Болгону ал журналист болгону үчүн коомдук резонанс болуп калды”.

"Иликтөөчүнү иликтөө - бардык бийликтин куралы"

Анткен менен ардагер журналист, Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиев иликтөөчү журналистке козголгон кылмыш иши коомчулуктун көңүл борборунда болорун белгиледи.

Ал журналисттин иликтөөсүндөгү фактыларды текшерүүдөн мурун, анын кантип паспорт алганын тергеп, анын өзүн жоопко тартуу аракетин ар бир бийликке мүнөздүү көнүмүш көрүнүш катары баалады:

“Албетте, ал иликтөөчү журналист катары коомдук фигура болгон соң, коомчулук ага байланыштуу маселеге көз салып турат. Анан калса журналисттик иликтөө менен бардык эле журналист алектенбейт. Ошондуктан ал иликтеген фактыларды текшерип, караш керек болчу. Анан анын алып чыккан фактылары далилденбесе, анда ал иштер жалган болуп чыгат. Эгер далилденип калса, анда ошол фактылар тууралуу жооп берилиши керек. Эми мындай нерсе Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткан жок. Чоң кызматта турган адамдарды сындаганда, ошондой жолдор менен бийликтен жооп болуп келген. Бул боло келген көнүмүш көрүнүш. Бул үчүн жапа тырмак күрөш болушу керек. Балким, аны ушундай жол менен моюнуна алдырып, сындырайын деген ниет болушу ыктымал”.

"Маңзат издеген маски-шоу?"

Өткөн 22-январда иликтөөчү журналист Болот Темировду кеңсесинен милиция кармап, анын жанынан маңзат табылганын жарыялаган. Бирок окуянын күбөлөрү маңзаты анын чөнтөгүнө салынганын айтып чыккан.

Анда журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, Темировду жана ошол күнү кармалган төкмө акын Болот Назаровду бошотуу талабы менен чыккандан кийин ал экөө үй камагына чыккан. Милиция Болот Темировду башында маңзат сактоого айыптаган. Бирок кийин экспертизадан анын бармак изи чыкпаганы аныкталган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлибеков “маңзат ишинде” мыйзам бузулбаганын айтып, бирок ага кенен токтолбой, жалпы төрт кылмыш иши ачылып, тергөө бүткөнүн айтуу менен чектелди:

“Ал боюнча кылмыш фактысы аныкталган жок деген маалыматты айтып койсом, бул иште кылмыштын курамы аныкталган жок деген чечим кабыл алынган болушу мүмкүн. Милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон кылмыш иши жок. Бул менин ыйгарым укугума кирбейт. Аны прокуратура органдарынан сураш керек”.

Бирок бул жолу тергөө органы коомчулукту дүрбөлөң түшүргөн “маңзат ишинин” жагдайларына анчейин токтолбой, купуялуулукту карманды.

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысы Исмаилов соттук териштирүү учурунда иштин жагдайлары коомчулукка белгилүү болорун, ага чейин бардыгы тергөөнүн кызыкчылыгына карап, сыр сакталарын айтты.

Журналист Болот Темиров кезинде маңзат ишин курулай доомат деп, айыптоону четке кагып, ага маңзат салуу аракети боюнча милицияга каршы прокуратурага арыз жазган.

Башкы прокуратура аны маңзат менен кармоо аракетине байланыштуу 22-январдагы милициянын беткапчан атайын тобунун аракетинин мыйзамдуулугу боюнча милициянын маалыматын ырастай элек.

Буга чейин адам укугун коргоо менен алектенген бир катар эл аралык уюмдар иликтөөчү журналистке козголгон кылмыш иштерин сөз эркиндигине жасалган кысым катары баалашып, бийликти көз карандысыз журналисттер менен жарандык активисттерди курулай куугунтуктоону токтотууга чакырган.

Бийлик өкүлдөрү айрым журналисттер иликтөөнү шылтоо кылып, карандай каралоо менен алектенип жатканын айтканы менен, келтирилген фактылардын чын-бышыгын көз карандысыз шартта ырастап, коомчулукту ынандыра турган демилгени сунуштай элек.

Журналист Болот Темиров Кыргызстандагы жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык жана туугандык байланыштарын ачыкка чыгарган чуулгандуу иликтөөлөрү менен белгилүү.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Футболисты Поморья подвели итоги спортивного сезона



Жизнь

Выпускникам детсада в Реутове раздали мороженое




Українські новини

Виставку «Світ Велетнів» в парку Боздош (м.Ужгород) продовжено до 30.06.2024 року



Новости 24 часа

23 МАЯ РОССИЙСКАЯ МЕЖДУНАРОДНАЯ АКАДЕМИЯ ТУРИЗМА ОТМЕТИЛА СВОЙ 55-Й ДЕНЬ РОЖДЕНИЯ. ФОТОРЕПОРТАЖ



Game News

Представлен кооперативный геймплей Warhammer 40,000: Space Marine 2



Москва

23 МАЯ РОССИЙСКАЯ МЕЖДУНАРОДНАЯ АКАДЕМИЯ ТУРИЗМА ОТМЕТИЛА СВОЙ 55-Й ДЕНЬ РОЖДЕНИЯ. ФОТОРЕПОРТАЖ



News Every Day

Shocking moment idiot films himself invading pitch and taunting Spurs in major security breach before Newcastle friendly



Авто

В Петербурге теплоход столкнулся с опорой Благовещенского моста



Москва

Пропавшую в Кремёнках женщину нашли погибшей



Юрий Лоза

Певец Юрий Лоза заявил, что Киркоров подал в суд на Успенскую ради пиара



Москва

Источник 360.ru: автобус протащил зажатую дверями женщину на юго-западе Москвы



Людмила Самсонова

Самсонова с «баранкой» разгромила Хаддад-Майю и вышла в полуфинал турнира в Страсбурге



Москва

Дистрибьюция Музыки. Цифровая дистрибьюция музыка. Дистрибьюция музыки под ключ.



Россия

Кукольный коллектив из Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети, Новости - выступление в дацане на конкурсе по бурятскому языку



Симферополь

Выставка-обозрение "Из истории русского искусства"



Москва

Источник 360.ru: автобус протащил зажатую дверями женщину на юго-западе Москвы



Москва

Собянин: Московский предпринимательский форум объединил более 3 тыс. человек



Москва

Источник 360.ru: автобус протащил зажатую дверями женщину на юго-западе Москвы



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

«ИМЕНЕМ ЗАКОНА»: «СВЯТОЙ ЛЕНИН» ОТМЕНЯЕТ НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ НАРОДА!

Музей Победы представил программу на Поклонной горе в честь последних дней весны

В Коломбо обнаружили мертвым посла Франции в Шри-Ланке и на Мальдивах Пактэ

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.


Москва

Врач-онколог указал на сложность своевременной диагностики рака желудка






Rss.plus

Театрально-кукольные вести из Бурятского театра "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Серебряные звездочки засветились в буддийском дацане в Иволге

Афиша театра кукол Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Спектакль "Курочка ряба"

Исполнитель хита “На Заре 2020” Сергей АРУТЮНОВ оживил ещё один хит из 20-го века и выпустил песню “Лететь” вместе с её создателями - группой Амега.

Эксперт по семейному капиталу Светлана Петрова: «Мой путь предпринимателя был прямой, как стрела»

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы рассказал про сервисы в центре "Профессии будущего"



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Спектакль Бутмана и Хабенского пройдет на Moscow Jazz Festival




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

ЦСКА шагнул к трофею // Команда обыграла УНИКС в первом матче финала Единой лиги ВТБ

В Подмосковье прошли соревнования Кубка Kramar Motorsport по автокроссу

Завершилась сап-экскурсия на фестивале «Москва — на волне. Рыбная неделя»


Новак Джокович

Новак Джокович и Хамад Меджедович сыграли в бочче на Ролан Гаррос | Виды спорта



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Киев

В Киеве заявили о причастности Зеленского к покушению на Фицо



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России