Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

"Миномёттор тынбай атылып жатты". Айдаркенге качкан тургундар

Кыргызстандын маалыматына ылайык, 16-17-сентябрда Тажикстан менен чек арадагы куралдуу кагылыштан улам Баткенде эвакуация болгон 136 миң 770 жергиликтүү тургундун 5,5 миңден ашууну республиканын башка аймактарына чыгып кеткен.

Мындан тышкары Ош облусунун Тажикстан менен чектеш Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан да 5 миңден ашуун адам эвакуация болгон.

Үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгондордун 700гө жакыны республикалык штаб аркылуу Бишкекке, 400дөн ашууну Чүй облусуна жайгаштырылды.

Штабдын Бишкек боюнча координатору Алтынбек Кутмановдун айтымында, алар окуу жайларынын жатаканаларына жана мейманканаларга жайгаштырылууда.

“Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Бишкектеги жана Таш-Дөбөдөгү жатаканаларына, Чүй облусундагы орто окуу жайларынын жатаканаларына, мэрия аркылуу колубуздан келишинче менчик мейманканаларга, “Достук”, “Семетей”, “Сейтек” мейманканаларына жайгаштырдык. Бишкектен баштадык, Бишкекте резервибиз калбагандан кийин Чүй облусуна өттүк”.

Айнагүл: Калтырап-титиреп, беш-алты саат жашынып жаттык

Соңку куралдуу кагылыштан улам Баткендин чек арадагы айылдарынан башпаанек издеп келгендердин бир бөлүгү Айдаркендеги бала бакчалардын биринде жайгаштырылган. Алардын арасында Көк-Таш айылынан келгендер да бар жана алар мындан ары эмне болорун билбей турат.

Алардын бири Көк-Таш айылынын тургуну Айнагүл Мамытова чек арада атылган ок балдардан чоңдорго чейин жүрөк үшүн алып бүткөнүн айтып берүүдө.

"Саат алтыларда “силер жакта да ок атылып жатат, каяктасыңар, тез качкыла” деп телефон чалышты. Ошондо көчөгө чыгып, коңшуларыбыз менен качып жөнөдүк. Машине менен качып баратып, жааган октун астында калып, жолдон өтө албай калдык. Миномёттор жөн эле үстүбүздөн атылып жатты. Таштарга жашынып, калтырап-титиреп беш-алты саат жаттык. Атыла бергенден кийин көнүп, коркпой да калат экенсиң.

Бизди кадимкидей атып жатышты, снаряддар үстүбүздөн өтүп жарылып жатты. Кудай бизге ырайым кылып, ок тийбеди. Бала-чака көп эле, коңшу-колоңдор баары чогуу элек. Кудайга шүгүр, баарыбыз аман калдык.

Кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бизди алып кетти. Элибизге тынчтык болсо экен деп тилейм. Бизге жардамдын да кереги жок, чек ара маселесин чечип беришсе болду. Бишкекте иштеген чоңдор Баткенге көңүл бурушса дейбиз. Биз качанга чейин минтип качып жүрөбүз? Тажап бүттүк.

Бизди азыр үйүңөргө баргыла десе да, барып тынч уктай албайбыз. Кайсы убакта ок атылат экен деп, бирибиз уктасак да экинчибиз уктабай отурабыз. Машинелерибизге бензин куюп, даяр турабыз. Көк-Ташта жашоодон коркуп калдык, бир тынч жерге кетсек деп ойлойбуз. Бирок өзүңдүн жериңди таштап кете албайт экенсиң. Ошол токсон депутат келип, биздин жашообузду билип жашап көрсүнчү. Балдарыбыз ыйлап жатат. Балдарыбызды кычырап кийинген аялдары карасын. Биз дагы ошолордой кийинип, жакшы жашоодо жашагыбыз келет. Бизге такыр көңүл бурулбай жатат. Жааган октун астында калдык. Кача албагандар бар, даярдыксыз жаткандар бар. Күйөөлөрүбүз бир жакка барайын десе, “жок барба, кокус башталып кетсе бизди ким алып качат” деп чыйпылыктайбыз.

Зарыл жумушу чыгып кетип калса, туугандардын үйүнө барып жатабыз, анткени кайсыл убакта келип атып таштайт, союп кетет деп ойлоп, өзүбүз жаткандан коркобуз. Ызы-чуу кылба деп, балдарыбызды ойното койбойбуз. Учак учуп өтүп жатса да, бир нерсенин добушу чыгып жатат деп баары коркуп качып кирет”.

Шаадат: Көк-Ташты ойлосом уйкум качат

Шаадат Азимова Кызыл-Жол кварталынын тургуну. 16-сентябрдагы чек арадагы окуяны ал мындайча эскерди:

"Көк-Таш айылында туулуп-өскөм. Учурда Кызыл-Жол маалесинде жашайм. Он төртү күнү апамдар биздин үйгө качып келген болчу. Уруш токтоптур, тынчыптыр дешсе, ишенип алып кайра кетишти эле. Эртең менен саат алтыда Самаркандекте жашаган сиңдим: “Качыңыздар, ок атылып жатат!" деп, Көк-Таштагы апамдарга телефон чалат. Апамдар бири-бирине кабарлап, качып чыкканча ок атыла баштапыр. Тоого качып барып, балдарын кучактап, жашынып жатышыптыр. Тажиктер алып коёбу деп, Көк-Ташты ойлосом уйкум качат. Атамдардыкына барганда тепкичке отуруп алып ушул жөнүндө санаага бата берем. Айдаркенде аргасыз качып келгендерге гуманитардык жардам таратылып, тамак-аш менен камсыз болуп жатат, бирок алардын айрым нерселерден, мисалы, кийим-кечеден каржалган учурлары да жок эмес".

Анара: Кийим-кече бир аз жетишпей жатат

Айдаркендеги "Эдельвейс" бала бакчасынын башчысы Анара Кадырованын айтымында, бул жерде башкалкалап тургандардын көпчүлүгү Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынан келгендер.

"Качып келгендердин көпчүлүгүн өзүбүздүн кызматкерлердин үйлөрүнө жайгаштырдык. Азыр биздин бала бакчада 46 киши калды. Жалпысынан 51 бала мектеп курагына чейинкилер жана мектеп окуучулары. Бизге негизинен Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынан жана Баткен шаарынан келишти. Баткен шаарынан келген адамдар кайра кетишти. Үйлөрү күйүп кеткендерге, алыстан келгендерге кайтууга али уруксат жок экен, ошондуктан ушул жерде биз карап жатабыз. Келген гумжардамдардын баары берилди, азык-түлүктөн эч кемчилик жок. Тамакты ушул жерде бышырып берип жатабыз. Кийим-кече бир аз жетишпей жатат. Үйү күйүп кеткендердин үстүндөгү кийиминен бөлөк эч нерсеси жок. Жергиликтүү бийлик мектеп жашындагы балдарды окуудан калтырбоонун жолун издеп жатат".

Жергиликтүү социалдык педагог Эламан Гулматов бул үй-бүлөлөрдүн балдарын бөлүп окутканга туура келип жатканын айтты:

"Себеби алардын арасында мектеп формалары жоктугуна жана бөлөк жерге келгендигине байланыштуу уялып, кысынгандары бар. Ошондуктан ар бир предмет боюнча мугалимдер аларга өзүнчө сабак өтүп жатат. Улам жаңы келгендер бар, айрымдары кетип жатышат. Бардык окуучуларды каттап, мектепке тартканга аракет кылуудабыз", - деди ал.

Кадамжай районуна жалпысынан 40 миңге чукул адам эвакуацияланган. Алардын айрымдары кайра Баткенге кайтса, Бишкекти көздөй жол тарткандары да бар. Бирок чек ара аймагында жашагандардын көбү, айрыкча там-ташынан ажырагандар үйгө кайтуудан кооптонуп турат.

Аймактагы талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоо уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган турак жайлардын саны 432ге жетти. Айылдардан жарылбай калган 78 снаряд табылып, алар сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 200дөй адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды. Алар качан үйлөрүнө кайтып барып, турак жайлар качан оңдолору белгисиз болуп турат.

Тажикстандын бийлиги 41 жараны мерт кеткенин 19-сентябрда расмий маалымдады. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 63 киши каза болгонун, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар талкаланганын жазды.

Бул маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Футболисты Поморья подвели итоги спортивного сезона



Жизнь

В Реутове обсудили профессиональное становление инвалидов и лиц с ОВЗ




Українські новини

Виставку «Світ Велетнів» в парку Боздош (м.Ужгород) продовжено до 30.06.2024 року



Новости 24 часа

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000



Game News

'Y'all killed it': Survive the Undead, a community-made PvE zombie mode, is bringing players back to Halo Infinite



Москва

Спортсмены из Химок заняли призовые места на областном турнире по карате



News Every Day

LIV Golf’s Sergio Garcia misses out on U.S. Open spot, but still has chance to play



Авто

«Грузовичкоф» принял участие в мероприятии Авито – «Лиге Авито Услуг»



Москва

Акинфеев или Сафонов: Аленичев выбрал лучшего вратаря РПЛ



Большой театр

Большой театр и петербургский цирк на сцене калининградской драмы: 4 постановки фестиваля «Башня»



Москва

«Ъ»: В деле генерала Попова о мошенничестве изначально фигурировал другой генерал, но он погиб на фронте



ATP

ATP-250 Open Parc – Lyon. Бублик поборется за выход в финал



Москва

ПРОЕКТ ТРАМВАЙНОЙ ЛИНИИ «СЛАВЯНКА» ПРЕДСТАВЛЕН НА КОНКУРСЕ «ПРОСТРАНСТВО БУДУЩЕГО» НА ВДНХ



Сбер

1 км = 100 рублей на благотворительность: или как онлайн принять участие в Зелёном Марафоне Сбера



Симферополь

Выставка-обозрение "Из истории русского искусства"



Москва

23 МАЯ РОССИЙСКАЯ МЕЖДУНАРОДНАЯ АКАДЕМИЯ ТУРИЗМА ОТМЕТИЛА СВОЙ 55-Й ДЕНЬ РОЖДЕНИЯ. ФОТОРЕПОРТАЖ



Москва

Собянин: В центре «Профессии будущего» обучают 75 востребованным специальностям



Москва

Сеть клиник «Будь Здоров» подвела итоги первого квартала 2024 г.



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о компенсации части затрат на путевки в оздоровительные лагеря в рамках нацпроекта «Семья»

НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ И НДС МОГУТ ОТМЕНИТЬ?! Государственная Дума и Правительство РФ оптимизируют налоги.

Сеть клиник «Будь Здоров» подвела итоги первого квартала 2024 г.

Более двух тысяч спортсменов поучаствовало в параде на ВДНХ в Москве


Москва

Сеть клиник «Будь Здоров» подвела итоги первого квартала 2024 г.






Rss.plus

Эксперт по семейному капиталу Светлана Петрова: «Мой путь предпринимателя был прямой, как стрела»

Секреты успешного садоводства

С чего начинается любое заболевание?

23 МАЯ РОССИЙСКАЯ МЕЖДУНАРОДНАЯ АКАДЕМИЯ ТУРИЗМА ОТМЕТИЛА СВОЙ 55-Й ДЕНЬ РОЖДЕНИЯ. ФОТОРЕПОРТАЖ

Moscow.media
Москва

В школах Москвы прозвучали последние звонки — Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Афиша театра кукол Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Спектакль "Курочка ряба"




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Биатлонистка Ольга Зайцева: Каждый юный москвич посещает спортивные секции

Блогер Тарасов не смог выехать с тротуара и рассердился на водителя автобуса

Матч "Саратова" со "Спартаком" перенесли из-за шторма


Екатерина Александрова

Екатерина Александрова уступила Линетт во втором круге турнира в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Врачи предупредили о распространении «плотоядной болезни». Насколько она опасна



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России