Балбан Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт
Ал буга чейин үч атаандашына бир да упай бербей, ири айырма менен жеңген. Алгач литвалык Криступас Слейваны 10:0, 1/8 финалда франциялык Мадамасса Силланы 8:0, чейрек финалда грузиялык Жони Кецурианини 9:0 эсебинде уткан.
Коло байге жана Олимпиадага лицензия үчүн ким менен беттешери 24-сентябрда белгилүү болот. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Амантур Исмаилов 25 жашта. Дүйнө чемпионатынын (2022), Азия чемпионатынын (2021) жана Азия оюндарынын (2018) коло медалдарын тагынган. Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси.
16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн 10дон салмакта өтүп жатат. Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо).
Буга чейин Париж Олимпиадасына жолдомону кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков алды.
Күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилчү салмактар төмөндөгүдөй:
Эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг. (ECh)