Өзбекстан: Kompromatuzb иши менен камалган журналисттерге сот чечими чыкты
Ташкенттин Шайхантахур райондук соту Human.uz сайтынын негиздөөчүсү Хуршид Далиев менен "Өзбекнефтгаз" ишканасынын басма сөз катчысы Сиёвуш Хошимовду жети жылга кести.
Эмгек министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Мавжуда Мирзаевага үч жылдык, Ахмадулла Ахмаджановге беш жылдык эркиндигин чектөө жазасы берилди. Алар бул аралыкта өлкөдөн сыртка чыга албайт.
Прокурор аларга алты жылдан 15 жылга чейин камак жазасын сураган.
Аларга "жалган жалаа жабуу", "опузалап акча талап кылуу", "кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин адалдаштыруу" жана "салык төлөөдөн качуу" беренелери менен айып тагылган.
Тергөөнүн версиясына караганда, айыпталгандар Kompromatuzb Телеграм-каналына маалыматтарды чыгарабыз деп коркутуп, ар кимден акча алышкан. Соттолгондор коюлган айыпты четке кагышкан.