Тоолуу Карабак: Жарылууда набыт болгондор 120дан ашты
Жарылуунун себептери азырынча айтыла элек. Талаштуу аймак Азербайжандын карамагына өткөндөн кийин Арменияга жер которууга мажбур болгондордун агымы күчөдү.
Шейшембинин кечинде Армениянын аймагына жер которуп келгендер 28 миңден ашканын Ереван билдирди.
Шейшембиге караган түнү Тоолуу Карабактын Степанакерт – Аскеран жолунда күйүүчү май сактаган кампада жарылууда өлгөн 125 кишинин сөөгү Арменияга жеткирилгенин өлкөнүн саламаттык сактоо министри Анаит Аванесян билдирди.
Министрдин сөзүнө караганда 60тан ашуун киши Улуттук ооруканада жатат, алардын көбүнүн абалы оор.
Шейшембиде Тоолуу Карабактын акыйкатчысы Гегам Степанян жарааты оорлорду авиация менен эвакуациялоо зарыл экенин айткан. Ошол эле күнү Ереван дарыгерлер тобун тик учак менен Степанакертке учурса, Баку дары-дармек жөнөткөнү тууралуу маалымат чыкты.
"Жабыр тарткандардын саны - 290 адам. Анын 168и медициналык мекемелерге жеткирилди. Аларды ташуу үчүн Армениянын жана орусиялык тынчтык күчтөрүнүн 96 тик учагы, Эл аралык кызыл чырым комитетинин коштоосунда 72 Тез жардам машинеси тартылды", - деп жазды Степанян.
Каргашалуу түндөгү окуянын күбөлөрүнүн айтканына караганда, май сактаган кампада эл көп топтолуп, машинелерине май куюп жаткан маалда жарылуу болгон.
Тоолуу Карабактан жер которуп, Арменияга киргендердин саны 28 миңден ашканын Ереван 26-сентябрдын кечинде билдирди.
Армян өкмөтү барар жери жокторго убактылуу үй-жай берилип жатканын билдирди. Аймакта жүргөн журналисттер качып келаткандардын саны көбөйүп жатканын жазышты.
Аймактын жикчил бийлиги Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндын басымдуусу Азербайжандын курамында жашагысы келбей турганын, алар "эски журтун таштап, жер которуп кетерин" билдирген.
Ереван Бакунун карамагына өткөн аймакта этностук армяндардын тынч жашоосуна кепилдик жоктугун белгилеп, качкындарды кабыл алуу мөөнөтү чектелбей турганын да жарыялады.
Азербайжан Тоолуу Карабактагы "антитеррордук" деп сыпатталган аскердик операцияны 19-сентябрда баштаган. Дээрлик 24 саатка созулган чабуулдардан кийин расмий Баку талаштуу аймакка өз көзөмөлүн орнотконун жарыялаган.
Тоолуу Карабактагы кырдаалга дүйнө коомчулугу тынчсызданууда. Брюсселде Армения менен Азербайжан өкүлдөрүнүн жолугушуусу шейшембиге белгиленген.
АКШнын атайын делегациясы дүйшөмбү күнү Арменияга келди. Вашингтон Карабак боючна эл аралык комиссия түзүүнү сунуш кылууда.
"Оболу Азербайжанды Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуп, карапайым жарандардын укуктарын коргоо үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырабыз. Президент Алиев этностук армяндардын укугу корголот деп убада берди. Азербайжан өз убадасын аткарсын", - деди Арменияга келген АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин башчысы Саманта Пауэр.
Баку Карабактагы бардык тургундардын коопсуздугун камсыздайбыз деп убада берүүдө.
"Карабак аймагында жашаган калк улутуна карабай Азербайжандын жарандары. Азербайжан мамлекети аларды коргоп, коопсуздугун, бейпил жашоосун камсыз кылат", - деди президент Илхам Алиев.
Ал ортодо Москва Ереванга "Батыштын геосаясий оюндарынын туткунуна түшүп калбоону" эскертти.
Орус бийлиги "Тоолуу Карабактагы кризис үчүн Армения жана Батыш күнөөлүү" деген риториканы бардык жерде жайылтууда. Буга чейин Армениянын премьер-министри Пашинян Москванын дарегине доомат артып, Ереван кирген Жамааттык коопсуздук келишим уюму тышкы коопсуздукка келгенде стратегиялык өнөктөш боло албаганын ачык сындаган.