Президент Жапаров Германия-Борбор Азия саммитине катышат
Анын сөзүнө караганда, Садыр Жапаров Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөт.
Сапардын алкагында Борбор Азия лидерлеринин Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана немис ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна да катышары пландалууда.
19-сентябрда Нью-Йоркто Борбор Азия - АКШ же C5+1 форматындагы саммит өткөн. Ага АКШнын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Саммитти АКШнын президенти Жо Байден “тарыхый учур” деп сыпаттаган. (BTo)